Бишкекте дипломат, коомдук ишмер Ишенбай Абдуразаков эскерилди

Жазылуу
Бүгүн Бишкек шаарында өткөн "Ишенбай Абдразаков: ойчул, дипломат, инсан" аттуу конференция, анын каза болгондугунун бир жылдыгына арналды. Ага коомдук ишмерлер, илимий чөйрөнүн өкүлдөрү, ЖК спикери Асылбек Жээнбеков катышты.

Спикер Ишенбай Абдуразаков туурасында ал кишинин акыйкаттан жазбаган даанышмандыгы учурда жетишпей жаткандыгын айтты. 

"Ишенбай Абдуразаковдун өмүр жолуна сереп салсак, максатка умтулуунун, өзүн-өзү ар тараптуу өнүктүрүүнүн өрнөктүү мисалын көрөбүз. Ал терең мазмундуу өмүр сүрдү. Өз жашоосунда байлыкка да, бийлик-мансапка да умтулбай, өзү тандаган багытта астейдил эмгектенди, билим, тажрыйба топтоду. Эл үчүн, мамлекет үчүн, коом үчүн адал кызмат кылуунун айкын үлгүсүн көрсөттү", — деди Жээнбеков.

Жаңылыктар түрмөгү
0