Оторбаев кетип жатканда Жолдошева аны сындап да, ыйлап да алды

Жазылуу
Парламентте депутат Жылдыз Жолдошова өкмөт башчысы Оторбаевдин оставкасы туурасында айтып жатып, ыйлады. Аны менен кошо премьерди экономикалык көп маселелерди чечпей кеткендигин сындады.

Парламенттеги көпчүлүк коалициянын лидерлерине эл жөнүндө качан ойлойсуңар деген суроо узатты.

"ЕАЭБге кирүүнүн, мындай маанилүү учурдун алдында эмне үчүн өкмөттү алмаштырып жатасыңар. Бул кандайдыр бир фирма эмес, бул деген өкмөт! Эмнеге жетекчини каалаган учуруңарда алмаштырасыңар? Деги эл жөнүндө качан ойлойбуз?", — деди үнү каргылданып парламентарийлерге. 

Ал Оторбаевди Кумтөр маселесин азыркы жыйынтыкка алып келип такаган премьер-министр болгондугун айтты. 

"Баалар асмандын башын чапчыды. Кумтөр боюнча, чек ара маселелери чечилген жок, доллар дагы канчага өсөрүн ким билет. Кредит алган байкуштар, ыйлап көчөдө калды. Алгылыктуу жыйынтык көргөн жокпуз",— деди Жолдошова.


Жаңылыктар түрмөгү
0