Рита Карасартова Алыкул акындын "Көлдүн кечки көрүнүшү" деп аталган ырын окуйт

Жазылуу
Жарандык активист, коомдогу окуяларга активдүү катышып келген Рита Карасартова Алыкул Осмоновдун чыгармачылыгына өзгөчө урмат менен карайт. Ага акындын Ысык-Көлгө арналган ырлар цикли жагат. Рита биздин бул долбоорго тартылып жатып да, акындын бул чыгармасына суктануу, эргүү менен окуп берди.

Алыкул Осмонов "Көлдүн кечки көрүнүшү" аттуу ырында көлдүн кооздугун сырттан туруп гана сүрөттөбөстөн, өзү кошо жашап, таасирленип, көлгө барган сайын башкача бир сезимге кабылаарын айтып берет. Акындын бул ырындагы "Элесимде көл жатпаса шарпылдап, ырларымда анда кайсы касиет" деген саптары ырдын бүткүл чыгармачылыгында көлдүн маанисин, ордун таамай көрсөтүп берет.

Sputnik Кыргызстан кыргыз поэзиясынын классиги Алыкул Осмоновдун жүз жылдыгына арналган видео долбоорду баштады. Алыкулдун аркасы менен кыргыздар дүйнөлүк адабияттын туу чокусун түзгөн Руставелинин "Жолборс терисин жамынган баатыры", Пушкиндин "Евгений Онегини", Шекспирдин "Отеллосу" менен таанышкан. Балдар Пушкиндин, Перронун жомокторун, Крыловдун тамсилдерин, Чуковский менен Маршактын ырларын эне тилинде окуй алышты.

Долбоордун техникалык өнөктөшү "Алиппе ТВ" ААКга ыраазычылык билдиребиз.

 


Жаңылыктар түрмөгү
0