Елена Баялинова Алыкул Осмоновдун "Аялга" деп аталган ырын окуйт

Жазылуу
Журналист Елена Баялинова алп акын Алыкул Осмоновдун чыгармачылыгы менен Майлуу-Суудагы мектепте окуп жүргөндө, факультативдик сабактан таанышкан. Себеби, акындын чыгармачылыгы негизги окуу материалдарына кирбептир. Еленанын айтымында, ал кыргыз поэзиясынын классигинин ырларына бешинчи класстан тарта эле арбалып калган.

Алыкул Осмонов "Аялга" деген ырында өзүнүн ашыгы аркылуу бардык аялзатына болгон сүйүүсүн, сезимин, урматын билдирген.

Sputnik Кыргызстан кыргыз поэзиясынын классиги Алыкул Осмоновдун жүз жылдыгына арналган видео долбоорду баштады. Алыкулдун аркасы менен кыргыздар дүйнөлүк адабияттын туу чокусун түзгөн Руставелинин "Жолборс терисин жамынган баатыры", Пушкиндин "Евгений Онегини", Шекспирдин "Отеллосу" менен таанышкан. Балдар Пушкиндин, Перронун жомокторун, Крыловдун тамсилдерин, Чуковский менен Маршактын ырларын эне тилинде окуй алышты.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0