Боспиекте Аксы окуясынын курмандыктары эскерилди

Жазылуу
Аксы районунун Боспиек айылында биринчи вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашевдин катышуусунда Аксы окуясынын 13 жылдыгына арналган эскерүү иш-чарасы болду. Аксы трагедиясында каза болгондордун монументине гүлчамбар коюлган соң, Куран окулду.

2002-жылы17-мартта ошол кездеги ЖК депутаты Азимбек Бекназаровдун камалышы боюнча жергиликтүү эл нааразы болуп, жүрүшүнө чыккан. Аларды токтотуу боюнча Боспиекте тартип коргоо кызматкерлери күч колдонуп, ок чыгарып, анын кесепетинен алты адам каза болгон. 

Жаңылыктар түрмөгү
0