Спартакиада күндөлүгү: тогуз коргоол

Жазылуу
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматкерлер арасында өтүп жаткан спартакиадада тогуз коргоол боюнча оюнчулар күч сынашты.

10-ноябрда тогуз коргоолдун жыйынтыгы чыгып, анда атуулдук түзүмдөрдүн командаларынын ичинен биринчи орунду Экономика министрлигинин, 2-орунду Каржы министрлигинин командалары алышты. Ал эми аялдар арасынан да аталган министрликтердин кызматкерлери тогуз коргоолду мыкты ойношорун көрсөттү.

Ал эми күч түзүмдөрдүн ичинен биринчи орунду Ички иштер министрлиги, экинчи орунду Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы алып кетти. Кыз-келиндер арасындагы мелдеште да дал ушундай жыйынтык чыкты. 

Үстүбүздөгү жылдын 8-ноябрында башталган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматкерлер арасында спартакиадасы эртең жыйынтыкталат.

Жаңылыктар түрмөгү
0