Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Максат Чакиев ИИМдин 5-Башкы башкармалыгынын кызматкерлерине "ишти оң жагына чечип, токтотуу үчүн" 92 миң сом сунуштаганы айтылууда. Пара экинчи ирет сунушталгандан кийин аткаминер кармалган. ИИМден маалымдашкандай, Чакиев 2014-жылдын июль айында чет элдик жарандын ишенимине кирип, туризм тармагында бирге иштейбиз деп ага Туризмди өнүктүрүү кеңешине мүчөлүккө катталуу үчүн жасалма күбөлүк берген. Чет элдик жаран Чакиевди материалдык жактан ыраазы кылышы керек болгон.

Материалдар
Керек убакытты тандоо
Дагы 20 материал
  • Бир жума ичиндеги
  • Бир ай ичиндеги
  • Бир жыл ичиндеги
  • Ушул убакытка чейин
Жаңылыктар түрмөгү
0