БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Кыргызстандык төрт дзюдочу 11-12-февраль күндөрү Grand Slam Paris — 2017 (Париждеги "Чоң шлем") турнирине катышарын эл аралык Дзюдо федерациясынын расмий сайты билдирди.
Олимпиадада биринчи орунду алган спортчу рейтингдик 1 000 упай топтосо, "Чоң шлемде" — 500, ал эми континент биринчилигиндеги мыктылыгы үчүн — 400 упайга татыйт.
Дзюдо боюнча эл аралык мелдештер арасында "Чоң шлем" турнирлери Олимпиада оюндары, дүйнө чемпионаттары жана "Мастерстен" кийин төртүнчү орунда турат. Булар Гран-при жана континенталдык чемпионаттардан дагы бийик бааланат.
Мелдешке бардыгы болуп 63 өлкөдөн келген 459 спортчу катышат. Анда Кыргызстандын намысын Арген Бакытбек уулу (60 килограммга чейин), Бектур Рысмамбетов (66 килограммга чейин), Фарух Белекулов (90 килограммга чейин) жана Юрий Краковецкий (100 килограммдан жогору) коргойт. Акыркы спортчу 2016-жылы Олимпиада оюндарына катышкан.