Кара-Балтада эркин күрөш боюнча эл аралык турнир өтөт

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүОлимпиада 2016. Вольная борьба. Мужчины. Второй день
Олимпиада 2016. Вольная борьба. Мужчины. Второй день - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Турнирге Казакстандан жана Өзбекстандан келген спортчулар дагы катышат.

БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Өспүрүмдөр арасында эркин күрөш боюнча эл аралык турнир өтөт. Бул тууралуу Кара-Балта шаарынын балдар өспүрүмдөр спорттук мектебинен кабарлады. 

Грек-рим күрөшү боюнча балбандар чемпионат учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте грек-рим күрөшү боюнча өлкө биринчилиги өтөт
Маалыматка ылайык, Кара-Балта шаарында алтынчы жолу өтүп жаткан эл аралык турнир 26-28-январда болот. Ага Казакстандан, Өзбекстандан жана Кыргызстандын аймактарынан келген спортчулар катышат.

Турнирде 12 жаштан 17 жашка чейинки балдар 25 килограммдан 85 килограмм салмакка чейинки категорияда ат салышат.

Иш-чара спорттун чебери, машыктыруучу Мырсабек Курманалиевдин жаркын элесине арналган.

Жаңылыктар түрмөгү
0