Январдын соңунда таэквондо WTF боюнча чемпионат өтөт

© AFP / KIRILL KUDRYAVTSEVЧемпионат по таэквондо WTF
Чемпионат по таэквондо WTF - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чемпионатка 15-17 жаштагы өспүрүм кыздар жана балдар катышат.

БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Январь айынын соңунда таэквондо WTF боюнча өлкө биринчилиги өтөт. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги кабарлады. 

Олимпиада 2016. Тяжелая атлетика. Мужчины. 69 кг - Sputnik Кыргызстан
Швейцарияда оор атлетчи Иззат Артыковдун иши боюнча сот болду
Маалыматка ылайык, спорттук иш-чара 28-29-январда "Манас" университетинин спорт залында өткөрүлөт. Анда юниорлор менен 15-17 жаштагы өспүрүм кыздар жана балдар күч сынашат. 

Аталган спорттук иш-чарада эркектер 54 килограммдан 74 килограммга чейин, кыздар 46 килограммдан 62 килограммга чейинки категорияда күч сынашат. Ал эми өспүрүмдөр 44 килограммадан 67 килограммга чейинки салмактагылар арасында ат салышат. 

Мелдеш аталган спорттун түрүн жайылтуу жана улуттук курама командага мыктыларды тандап алуу максаттында өткөрүлөт. 

Аны Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги жана таэквондо WTF ассоциациясы уюштурууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0