21:03 17 Үчтүн айы 2017
Түз эфир
Футбол калысы. Архивдик сүрөт

Кыргызстандык жети калыс FIFA уюмунун тандалма арбитрлеринин катарын толуктады

© Sputnik / Александр Вильф
Спорт
Кыскача шилтеме алуу
67 0 0

Тандалма топко кирген калыстар Чемпиондор лигасынын беттештеринде оюн тескөөгө укуктуу. Ошондой эле Европа жана дүйнөлүк чемпионаттарды да тейлөөгө мүмкүнчүлүк алат.

БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Кыргызстандык жети калыс Эл аралык футбол федерациясынын тандалма тобуна киргенин Улуттук футбол федерациясынын сот коллегиясынын төрагасы Юрий Ерошенко Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

100 калыстан турган тандалма топко кыргызстандан Дмитрий Машенцев, Рысбек Шекербеков жана Тимур Файзулин, ошондой эле башкы калыстын жардамчылары Бахадыр Кочкаров, Сергей Грищенко, Замир Чыныбеков менен Исмаилжан Талипжанов кирген.

"Ар жыл сайын калыстар өздөрүнүн деңгээлин тастыктап турушу керек. Кочкаров калыстардын Малайзиядагы семинарына катышкан. Калган калыстар Бириккен Араб Эмирлигиндеги окуулардан өткөн", — деди Ерошенко.

Мындан сырткары, кыргызстандык дагы 15 калыс FIFA уюмунун тизмесине кирди. Бул тизмеге киргендер эл аралык деңгээлдеги оюндарга калыстык кыла алышат.

Ал эми Эл аралык футбол федерациясынын тандалма тобуна кирген калыстар Чемпиондор лигасында туруктуу кызмат кылууга жана Европа, дүйнөлүк чемпионаттарда дагы кызмат кыла алышат.

Тема боюнча

FIFA рейтингинде Кыргызстан эки сапка ылдыйлады
Белгилер:
Футбол, FIFA, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ