FIFA рейтингинде Кыргызстан эки сапка ылдыйлады

© Sputnik / Табылды КадырбековТоварищеский матч по футболу между сборными Кыргызстана и Ливана
Товарищеский матч по футболу между сборными Кыргызстана и Ливана - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
FIFA рейтинги боюна эң мыкты команда деп Аргентина табылса, экинчиде бразилиялыктар, үчүнчү орунда Германия турат.

БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. FIFA уюмунун январь айына чыгарган рейтингинде Кыргызстандын курама командасы 124-орунга татып, эки тепкичке төмөндөгөн. Бул тууралуу аталган уюмдун сайтында кабарланды.

Бой Валентины Шевченко и Холли Холм на UFC on FOX 20 в Чикаго - Sputnik Кыргызстан
Валентина Шевченко UFC рейтингинде биринчи орунду ээледи
Эске салсак, декабрь айындагы рейтингде Кыргызстан 122-орунда болчу.

Айдын мыкты командасы деп Суринаманын командасы табылып, ал 22 тепкичке жогорулап, тизмеде 128-орунду камсыздаган. Ал эми Тринидад менен Тобагонун курама командалары 5 тепкичке төмөндөп (83-орун) эң начар команда деп табылган. 

FIFA рейтинги боюна эң мыкты команда деп Аргентина табылса, экинчиде бразилиялыктар, үчүнчү орунда Германия турат. Андан кийинки орундарды Чили, Бельгия, Колумбия, Франция, Португалия, Уругвай жана Испания мамлекеттеринин курама командалары ээлеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0