Бишкекте февралдын башында бокс боюнча турнир өтөт

© Sputnik / Табылды КадырбековМеждународный турнир по боксу, посвященный заслуженному тренеру Виктору Асташенкову
Международный турнир по боксу, посвященный заслуженному тренеру Виктору Асташенкову - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл аралык турнирге Россия, Литва, Түркмөнстан, Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан, Кытай, Таиланд, Алжир, Монголия жана Кыргызстандын ар кайсы облустарынан келген өкүлдөр катышмакчы.

БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Советтер Союзунун баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун жаркын элесине арналган бокс боюнча эл аралык турнирде 10 өлкөдөн келген спортчу беттешет. Бул тууралуу Мамлекеттик жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин маалымат кызматы кабарлады.

Турнир 1-февралдан 6-февралга чейин Спорт ордосунда өткөрүлөт. Ага 19 жаштан жогорку курактагылар гана катыша алат. 

Кыргызстандык грек-рим күрөш балбаны Айсулуу Тыныбекова олимпиядалык оюндарда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сабак алчу спорттук жыл: Олимпиададан Көчмөндөр оюнуна чейин
Мелдеште 49 килограммдан баштап 52, 56, 60, 64, 69, 75, 81 жана 91 килограммга чейинки салмак категориясындагы мушкерлер беттешет. 

Эл аралык турнирге Россия, Литва, Түркмөнстан, Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан, Кытай, Таиланд, Алжир, Монголия жана Кыргызстандын ар кайсы облустарынан келген спортчулар катышмакчы. 

Иш-чаранын башкы максаты Советтер Союзунун баатыры Дүйшөнкул Шопоковду эскерүү менен жаштар арасында бокс тармагын жайылтуу, ошондой эле Азия, КМШ өлкөлөрүнүн достук алакасын чыңдоо болуп саналат.

Эске салсак, аталган турнир быйылкы жылы 40-жолу өткөрүлүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0