КР курама командасынын чабуулчусу Амиров Индиянын футбол клубуна кетти

© Фото / пресс-служба ФФКРНападающий национальной сборной КР по футболу Ильдар Амиров
Нападающий национальной сборной КР по футболу Ильдар Амиров - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Амиров буга чейин Бишкек шаарынын "Алга" командасынын курамында жана Түркиянын "Туранспор" клубунда ойноп келген. 2006-жылдан бери улуттук команданын курамында.

БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын чабуулчусу Илдар Амиров Индиянын "Ист Бенгал" клубуна өтүп жатканын Goal.com спорт порталы жазып чыкты. 

Матч Кыргызстан — Бангладеш - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын футболчусу Кичинге Кытайдын төрт клубу кызыгууда
Бул маалыматты индиялык маалымат каражаттары да тастыкташты. Khel Now порталынын билдиргени боюнча, Амиров кореялык Донг-Хен Донун ордуна келип жаткан төртүнчү оюнчу болот. 29 жаштагы кыргызстандык футболчу индиялык клубдун курамы менен кийинки жумада башталчу быйылкы сезондун улуттук лигасында алгачкы ирет талаага чыкмакчы. 

Амиров өзү да Sputnik Кыргызстан агенттигине Индия клубу менен келишим түзгөнүн ырастады. Анын айтымында, 31-декабрь күнү футболчунун "Алга" менен болгон келишими аягына чыккандан кийин футбол агенттеринин бири ага Бахрейнде ойноону сунуштаган.

"Бул ой ишке ашпай калды. Агент бир жумадан кийин чалып, акыркы оюндарымдын видеосун салууну өтүнгөн. Баарын жибергем. Индиялык клуб менен болгон келишим кечээ келди. Кол коюп бердим", — деди футболчу.

Макулдашуу быйылкы жылдын 31-майына чейин түзүлгөн. Амировдун айтымында, ага жакшы шарттар убадаланып жатат. 

Амиров буга чейин Бишкек шаарынын "Алга" командасынын курамында жана Түркиянын "Туранспор" клубунда ойноп келген. 2006-жылдан бери улуттук команданын курамында болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0