12:29 19 Үчтүн айы 2017
Түз эфир
Россиянын Енисей клубунда ойногон Кыргызстандын курама командасынын коргоочусу Валерий Кичиндин архивдик сүрөт

Кыргызстандын футболчусу Кичинге Кытайдын төрт клубу кызыгууда

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Спорт
Кыскача шилтеме алуу
29220

24 жаштагы футболчу Валерий Кичин быйылкы сезондо "Енисей" командасы менен 10 оюнга катышып, бир жолу гол киргизген.

БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Учурда Россиянын "Енисей" клубунда ойногон Кыргызстандын курама командасынын коргоочусу Валерий Кичинге Кытайдын төрт футбол клубу кызыгууда. Бул тууралуу Sports.ru басылмасы маалымдады. 

24 жаштагы футболчу быйылкы сезондо аталган команда менен 10 оюнга катышып, бир жолу топ киргизген. 

Кыргызстандын курама командасынын оюндарынын биринде талаага капитан катары чыккан.

"Кичинге Кытайдын "Хэбэй Чайна Форчун", "Чунцин Лифань", "Шаньдун Лунэн" жана "Ляонин Хувинь" клубдары кызыгууда. Футболчу Азия паспорту болгону үчүн да кызыгуу жаратып жатат", — деп жазылат Sports.ru басылмасынын билдирүүсүндө. 

Оюнчу кытай клубуна январдын аягына чейин кире алат. 

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчылары Кичин менен байланышканда ал мындай сүйлөшүүлөр боюнча укканын, бирок кененирээк маалыматты кийинчерээк берерин айткан.

Кытайдын футболдук клубдары өз курамына бешке чейин чет өлкөлүк оюнчуну ала алат. Алардын бири азиялык болууга тийиш. 

Акыркы учурда Кытайдын футболдук клубдары өздөрүнө мыкты оюнчуларды көп алышууда. Алардын катарында аргентиналык Карлос Тевес, Эсекьель Лавесси, бразилиялык Оскар жана Халк өңдүү футболчулар бар. Мунун себеби кытайлыктар аларга эң жогорку бааны коюп беришет. Буга мисал, Тевес дүйнөдөгү эң көп акча төлөнгөн футболчу болуп саналат. Анын бир жылдык маянасы 40 миллион еврону түзөт.

Тема боюнча

Кыргызстандын мыкты футболчусу менен чабуулчулары белгилүү болот
Белгилер:
клуб, Футбол, Валерий Кичин, Кыргызстан, Кытай

ЭҢ МААНИЛҮҮ