КРдин футбол курамасы өзүнүн каршылаштарын 23-январда билет

© Sputnik / Табылды КадырбековТоварищеский матч между сборными Кыргызстана и Туркменистана по футболу
Товарищеский матч между сборными Кыргызстана и Туркменистана по футболу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тандоо турунун алкагында эгер курама команда өз тайпасында алдыңкы эки орундун бирине илинсе, Азия кубогу-2019 оюндарына жолдомо алат.

БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Азия кубогү үчүн тандоо турунда кимдер менен ойлой тургандыгы 23-январда белгилүү болот. Бул тууралуу өлкөнүн Футбол федерациясынын маалымат кызматы кабарлады. 

Азия Кубогу-2019 оюндарынын финалдык бөлүгүндө кездешүү үчүн 20дан ашык команда ат салышат.

"Акыркы расмий маалымат боюнча чучу кулак кармоо 23-январда Абу-Даби шаарында өтөт", — деп айтылат билдирүүдө.

Кыргызстандык грек-рим күрөш балбаны Айсулуу Тыныбекова олимпиядалык оюндарда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сабак алчу спорттук жыл: Олимпиададан Көчмөндөр оюнуна чейин
Чучу кулактын жыйынтыгына ылайык, тандоо турунда төрт командадан турган алты тайпа түзүлөт. Ал тайпалык оюндардын соңунда ар бир топтон экиден команда мелдештин финалдык бөлүгүнө өтөт. 

Ар бир команда өз үйүндө үч жана чет жакта үч беттешке катышат. Ал оюндардын бешөө быйылкы жылы уюштурулат. Акыркы беттеш 2018-жылы өтсө, финалдык оюн 2019-жылы Бириккен Араб Эмираттарында болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0