Кыргызстандык эки спортчу Түркиядагы теннис турнирине катышат

© Sputnik / Антон Денисов / Медиабанкка өтүүТеннис. Итоговый турнир WTA. Второй день
Теннис. Итоговый турнир WTA. Второй день - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
20 спортчунун ичиндеги Палкина оюнду негизги раунддан баштаса, 16 теннисчинин катарындагы Нургазиева квалификациялык раунддан башталган беттешке чыгат.

БИШКЕК, 4-янв. — Sputnik. Кыргызстандык эки теннисчи Ксения Палкина менен Эмма Нургазиева GD Tennis Cup турнирине катыша турганын эл аралык Теннис федерациясынын расмий сайты жазды.

Беттеш 9-15-январь аралыгында Түркиянын Анталия шаарында өтөт.

20 спортчунун ичиндеги Палкина оюнду негизги раунддан баштаса, 16 теннисчинин катарындагы Нургазиева квалификациялык раунддан башталган беттешке чыгат. 

Кыргызстандык спортчулардын каршылаштары азырынча аныктала элек. Турнирдин байге фондусу 15 миң долларды түзөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0