Сабак алчу спорттук жыл: Олимпиададан Көчмөндөр оюнуна чейин

© AFP / JACK GUEZКыргызстандык грек-рим күрөш балбаны Айсулуу Тыныбекова олимпиядалык оюндарда. Архив
Кыргызстандык грек-рим күрөш балбаны Айсулуу Тыныбекова олимпиядалык оюндарда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Быйылкы жыл спорт жаатында маанилүү жаңылыктарга бай болду. Буга байланыштуу Sputnik Kyrgyzstan өтүп бара жаткан жылдагы жеңиштер менен эске ала турчу жагдайларды тизмектөөнү эп көрдү.

БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Жыл ичинде кыргыз спортчулары жергиликтүү жана эл аралык мелдештерге катышып, өз күчтөрүн сынашты. Бразилияда XXXI жайкы Олимпиада оюндарынан кийин паралимпиадалык оюндар өттү. Кыргызстанда 65 өлкөдөн келген спортчулардын катышуусунда II Дүйнөлүк көчмөндөр оюну болду. Беттештердин кээ бири байгелүү болсо, дагы биринде жеңилүү ызасын тартышты. 

Өлүп тапкан баламды өрдөк чокуп жок кылды

Кыргызстандык спортчулар жыл башында эле Бразилияда өтө турган Олимпиадага катышуу үчүн жолдомолор үчүн ат салыша баштаган. Жайкы олимпиада башталганга чейин кыргыз спортчулары 19 жолдомого ээ болушту. Ошентип Рио-де-Жанейродогу XXXI жайкы Олимпиада оюндарына өлкө намысын коргоого 19 спортчу аттанып, эркин, грек-рим жана кыз-келиндердин күрөшү, дзюдо, бокс, оор атлетика, сууда сүзүү менен жеңил атлетика боюнча күч сынашты. 

© AFP / JACK GUEZОлимпиада-2016. Арсен Эралиев 59 килограмм салмактагылар арасында грек-рим күрөшү боюнча беттешүүдө
Олимпиада 2016. Греко-римская борьба. Мужчины. Весовая категория до 59кг - Sputnik Кыргызстан
Олимпиада-2016. Арсен Эралиев 59 килограмм салмактагылар арасында грек-рим күрөшү боюнча беттешүүдө

Дүйнөлүк деңгээлдеги мелдеште спортчулар татыктуу ат салышып, медаль алып келет деп кыргыз коомчулугу көбүн эсе балбандарга ишенген. Алар Арсен Эралиев, Отар Бестаев, Юрий Краковецкий, Айсулуу Тыныбекова жана Магомед Мусаевдер болчу. Бирок алардын бири дагы алдыңкы үч орунга илине алышкан жок. 

© AFP / JACK GUEZ Олимпиада-2016. Айсулуу Тыныбекова менен Сакши Малик коло медаль үчүн күч сынашып жатат
Олимпиада 2016. Вольная борьба. Женщины. Весовая категория до 58кг - Sputnik Кыргызстан
Олимпиада-2016. Айсулуу Тыныбекова менен Сакши Малик коло медаль үчүн күч сынашып жатат

Анда Арсен Эралиев грек-рим күрөшү боюнча коло медалга жетпей, өзүнүн салмактагылары арасында бешинчи орунга илинген. Айсулуу Тыныбекова дагы кыз-келиндердин күрөшүндө коло медаль үчүн беттешип, атаандашынан 8:5 эсебинде жеңилип бешинчи орунду алган. Андан сырткары дзюдочу Юрий Краковецкий жетинчи орунга илинген. 

Үмүт сууп баратканда Кыгызстандын шыбагасына жалгыз гана оор атлетчи Иззат Артыковдун коло медалы буюрду

© REUTERS / GOH Chai Hin Оор атлетика. Олимпиада-2016 оюндары, Иззат Артыков
Олимпиада 2016. Тяжелая атлетика. Мужчины. 69 кг - Sputnik Кыргызстан
Оор атлетика. Олимпиада-2016 оюндары, Иззат Артыков

Айтып бүтө электе, кубанычыбыз койнубузга батпай турганда көп өтпөй эле Спорттук арбитраждык сот Артыковду тыюу салынган стрихнин затын колдонду деп жалгыз байгеден ажыратты

Ошентип кыргыз командасы кур кол кайтты. Олимпиада жыйынтыгынын мындай болушун бири калыстардан көрсө, дагы бири ийгилик жылмайбай койду дешти. Олимпиада куржунунун бош келиши менен Кыргызстандагы федерация башчылары менен машыктыруучулар иштен алынары дагы айтылган. Ага карабай спорт сүйүүчүлөрү олимпиадачыларды жылуу тосуп алышты. 

Андан кийин паралимпиада оюндары дагы болду. Ага Кыргызстандын атынан үч спортчу катышып, 7-сентябрдан 18-сентябрга чейин өткөн мелдеште алдыңкы орундарды албаса дагы жакшы көрсөткүчтөргө ээ болушту

© пресс-служба мэрии города БишкекПаралимпиада оюндарынын катышуучулары менен шаардык бийлик
Награждение спортсменов, участвовавших в Паралимпийских играх в Рио-де-Жанейро - Sputnik Кыргызстан
Паралимпиада оюндарынын катышуучулары менен шаардык бийлик

Алсак, Эсен Калиев пауэрлифтинг боюнча бешинчи, Жыргал Оросбаев алтынчы орунга жана Арстанбек Базаркулов чоюн жана найза ыргытуу боюнча тогузунчуну ала алды. 

Дүйнөнү дүңгүрөткөн Көчмөндөр оюну

Кыргызстанда сентябрь айында дүйнө элинин башын бириктирген Дүйнөлүк көчмөндөрдүн II оюну өткөрүлдү. Спорттук иш-чарада көчмөндөрдүн 23 спорттук оюндары боюнча мелдештер уюштурулган. Ысык-Көл жээгине 64 өлкөдөн келген 1200дөй спортчу чогулган. Алар кыргыздын ат оюндарынан тарта казактардын күрөшү жана түрк элдеринин интеллектуалдык мангала оюнуна чейин күч сынашкан.

© Sputnik / Табылды КадырбековII Көчмөндөр оюну: Кыргызстан курама командасы менен президент Алмазбек Атамбаев
Торжественное открытие Вторых Всемирных игр кочевников в Бактуу Долоноту - Sputnik Кыргызстан
II Көчмөндөр оюну: Кыргызстан курама командасы менен президент Алмазбек Атамбаев

Рио-де-Жанейродо өткөн Олимипиадага салыштырмалуу Көчмөндөр оюнунда кыргыз спортчулары алдыга эч кимди салдырган жок. Жалпы командалык жыйынтык боюнча кыргыз спортчулары 25 алтын, 25 күмүш жана 29 коло жеңип сап башына чыгышты.

Дүйнө коомчулугунда кыргыз спортчулары ат оюндары менен өзгөчөлөнө алышты. Экинчи орунду 15 алтын, 3 күмүш жана 6 коло менен Түркмөнстан жана 12 алтын, 13 күмүш менен 13 коло медаль алып Казакстан үчүнчү орунга ээ болду. 

Өтүп бара жаткан жылда Көчмөндөр оюндарынан сырткары бир катар эл аралык мелдештер болду. Алсак, борбор калаада бильярд боюнча дүйнө биринчилиги өттү. Анда 24 өлкөдөн келген спортчулар ат салышкан

© Sputnik / Табылды КадырбековMMA Kyrgyzstan федерациясынын ачылышындагы беттеш
Турнир, посвященный открытию Федерации ММА в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
MMA Kyrgyzstan федерациясынын ачылышындагы беттеш

MMA Kyrgyzstan федерациясынын ачылышы дагы чоң салтанат менен өттү. Спорттук саамалыкта Тажикстан, Азербайжан, Ингушетия жана дагестандык спортчулар беттешкен. 

Ошондой эле "Хан Манас" жана "Хан Кошой" сыяктуу спорттун ар кайсы түрү боюнча эл аралык турнирлер өткөрүлдү. 

Быйыл кимдер чемпион болду?

Чемпиондукту багындыргандардын басымдуу бөлүгү балбандар. Алсак, Түркияда өткөн студенттер арасындагы дүйнө биринчилигинде Каныбек Жолчубеков менен Эсен Асанов алтын медаль тагынып, чемпион наамына ээ болушту

© © United World Wrestling 2016 / Alireza Akbari16 жаштагы Акжол Махмудов Грузиядагы дүйнө биринчилигинде
Борец греко-римского стиля Акжол Махмудов - Sputnik Кыргызстан
16 жаштагы Акжол Махмудов Грузиядагы дүйнө биринчилигинде

Ошондой эле грек-рим күрөшү боюнча кадеттер арасында 16 жаштагы Акжол Махмудов чемпион болсо, Францияда өткөн дүйнө биринчилигинде Калы Сулайманов дагы юниорлор арасында дүйнө биринчилигин багындырды

Андан сырткары, жаштар менен тең жарыша ардагер балбандар дагы дүйнө чемпиону аталышты. Польшада күрөш боюнча ардагерлер арасында болгон мелдеште Чынарбек Изабеков алтын тагынып чемпион болуп, мурдагы ички иштер министри Мелис Турганбаев коло медаль тагынды

Быйылкы жылы дүйнө чемпиону болгон кыргызстандык спортчулардын тизмеси муну менен бүтпөйт. Күзүндө Хорватияда болгон самбо боюнча дүйнө биринчилигинде Талас Бегалиев ардагерлер арасында алтын тагынып мыкты аталды

© Фото / пресс-служба Федерации тайского бокса в КРКыргызстандык тайбоксчу Антонина Шевченко чемпиондук наамы менен
Тайбоксер из Кыргызстана Антонина Шевченко - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык тайбоксчу Антонина Шевченко чемпиондук наамы менен

Казакстанда оордук көтөрүү боюнча дүйнө биринчилинде Александр Петров, Болгарияда армрестлинг боюнча Евгений Лукьяновдор чемпион болушту. Андан башка жоокердик самбо боюнча Жаркынбек Байзаков дүйнө чемпиону наамын алса, АКШда мекендешибиз тай боксчу Антонина Шевченко Lion Fight чемпиондук титулун татыктуу коргой алды. Ал голландиялык дүйнө чемпиону Илона Вийманст менен беттешип чемпиондук курду кайра тагынды. Андан сырткары, Азия жана дүйнө биринчилигинде күмүш менен коло медалдарын багындыргандар дагы арбын. 

2017-жылдагы мелдештер 

Келе жаткан жылда кыргыз спортчулары катыша турган бир нече эл аралык мелдештер бар. Алсак, IV Ислам тилектештик, VIII кышкы Азия оюндары жана XXIII Сурдолимпиадалык оюндары өңдүү эл аралык мелдештер болот. Ошондой эле 28 олимпиадалык жана 32 олимпиадалык эмес спорттун түрлөрү боюнча ат салышат. Бул таймаштарда кыргызстандык спортчулар татыктуу күч сынашып, 2016-жылга караганда байгелүү болот деп үмүт арта туралы. 

Жаңылыктар түрмөгү
0