Бишкекте грэпплинг боюнча мыкты мушкер аныкталат

© Фото / Валерий ГашеевВторой чемпионат Сибири по грэпплингу прошел в Омске
Второй чемпионат Сибири по грэпплингу прошел в Омске - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңы жыл алдында ышкыбоздор арасында грэпплинг боюнча биринчилик болуп, жеңүүчүлөр акчалай сыйлык алат.

БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. 27-28-декабрь күнү ышкыбоз жаштар арасында грэпплинг боюнча Бишкек биринчилиги өтөрүн ММА академиясынын вице-президенти Сейтек Оморов Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди. 

"Жылды жыйынтыктоо менен бирге грэпплинг боюнча ышкыбоз жаштар арасында Бишкек чемпионаты өткөрүлүп жатат. Балдар категориясына 7-17 жаштагы өспүрүмдөр, чоңдор категориясына 18 жаштан жогоркулар катышат", — деди Оморов. 

Мелдештин жыйынтыгы менен жеңүүчүлөргө акчалай байгелер ыйгарылат.

ММА — аралаш мушташ искусствосу академиясы.

Жаңылыктар түрмөгү
0