БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Жалал-Абад облусунда өспүрүмдөр арасында бокс боюнча өлкө биринчилиги башталды. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, спорттук иш-чара Кара-Көл шаарында 20-декабрдан 24-декабрга чейин өтөт. Анда Бишкек, Ош шаарларынын жана өлкөнүн бардык облустарынан келген 16-17 жаштагы спортчулар 10 салмактык категорияда беттешет.
Чемпионат аталган спорттун түрүн жайылтуу жана эл аралык мелдештерге катышууга жаштардын курама командасын түзүү максатында уюштурулууда.