БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. Алматыдан келген команда мэрдин футзал боюнча кубогун жеңип алды. Бул тууралуу КРдин Футбол федерациясы билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкек мэринин кубогу "Арча-Бешик" кичи районундагы спорттук комплексте болуп өттү. Мелдеште Кыргызстандын жана Казакстандын 17 жашка чейинки спортчулары катышты. Алматыдан келген жигиттер турнирде жеңүүчү аталды.
Казакстандык команда өзүнүн бардык атаандаштарын жеңип чыгып, мыкты жыйынтыкты көрсөтө алды. Алгач Кыргызстандын курамасын 4:2 эсеби менен утса, андан кийин карагандалык "Тулпар" командасын 6:5, ал эми Ош шаарынан келген спортчуларды 7:2 эсеби менен жеңип чыккан.
Футзал боюнча мэрдин кубогунун жыйынтыгы:
- 1-орун — Алматы;
- 2-орун — Бишкек;
- 3-орун — Караганда.