Бишкекте сууда сүзүү боюнча мелдеш башталды

© Sputnik / Табылды КадырбековСоревнования по плаванию в Бишкеке
Соревнования по плаванию в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкөнүн кубогу үчүн кыргызстандык жана чет өлкөлүк спортчулар ат салышат.

БИШКЕК, 15-дек.— Sputnik. Бишкек шаарында сууда сүзүү боюнча эки күнгө созулган мелдеш өтөт. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди. 

Кыргызстандын Кубогу үчүн мелдеш 15-декабрдан 17-декабрга чейин өтүп, анда жергиликтүү жана чет өлкөлүк спортчулар күч сынашат. 

Анда спортчулар 13 жашка чейин, 14 жаштан 16 жашка чейин жана 17 жаштан жогору курактагылар арасында ат салышат. Аталган мелдеш сууда сүзүүнү жайылтуу, спортчулардын чеберчилигин жогорулатуу жана аларды өлкөнүн курама командасына тандоо максатында уюштурулууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0