Кыргызстандык балбан Венгрияда өткөн дүйнө биринчилигинде коло медаль тагынды

© Sputnik / Табылды КадырбековВо Дворце спорта имени Кожомкула прошел международный чемпионат по кулатуу WEF2
Во Дворце спорта имени Кожомкула прошел международный чемпионат по кулатуу WEF2 - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Грек-рим жана эркин күрөш боюнча дүйнө биринчилиги Венгриянын борбору Будапештте өтүп, Кыргызстандын намысын төрт спортсмен коргоп жатат.

БИШКЕК, 12-дек — Sputnik. Кыргызстандык Эламан Догдурбек уулу Венгрияда өтүп жаткан олимпиадалык эмес категориядагы күрөш боюнча дүйнөлүк чемпионатта коло медаль жеңди. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн расмий сайты маалымдайт. 

Спорттук күрөш боюнча дүйнө биринчилиги 8-декабрда Будапешт шаарында башталган. Анда эркин, грек-рим жана аялдар арасында күрөш боюнча медалдын алты комплектиси ойнотулуп, 12-декабрда жыйынтыктоочу беттештер менен аяктайт. 

Эркин күрөш боюнча 70 килограммга чейинки салмак арасында күрөшкөн мекендешибиз казакстандык Нурлан Бекжановдон жеңилип коло үчүн беттешүүгө мүмкүнчүлүк алган. 

Күрөш боюнча чемпионат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык төрт балбан күрөш боюнча дүйнө биринчилигине катышат
​Ал кийинки беттешинде венгриялык спортчуну 5:4 эсебинде, молдовалык каршылашын 8:2 эсебинде жеңген. Жыйынтыктоочу беттешинде япониялык Набуеши Такожимомону 11:0 эсебинде утуп колого жетише алган. 

Эламан Догдурбек уулунан башка Адилет Маматаев эркин күрөш боюнча, Кайрат Туголбаев менен Атабек Азизбеков греко-рим күрөшү боюнча өлкө намысын коргошкон. Бирок алар медаль ала алышкан эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0