Таэквондо боюнча дүйнөлүк турнирде КР спортчулары алтын тагынды

Жазылуу
Мелдешке жалпысынан 19 мамлекеттен 1200 спортчу катышкан.

БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Белоруссияда өткөн таэквондо боюнча дүйнөлүк мелдеште Балыкчы шаарынын окуучулары бир алтын, үч коло медалга ээ болушту. Бул тууралуу Салттуу таэквондо федерациясынын Ысык-Көл облустундагы президенти Нурдин Каимов билдирди. 

Аталган турнир 1-5-декабрь күндөрү Белоруссиянын Минск шаарында өткөн. 

"19 мамлекет катышкан таэквондо боюнча дүйнөлүк кубокто Балыкчы шаардык "Автоинштранс" клубунан алты спортчусу катышып, Нурсулуу Азаматова, Айбек кызы Орозокан коло, ал эми Саламат Каимов коло жана алтын медалга ээ болду", — деди Каимов. 

Мелдешке жалпысынан 19 мамлекеттен 1200 спортчу катышкан. 

Жаңылыктар түрмөгү
0