БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Кыргызстандын "Улар" волейбол клубу эл аралык турнирде алтын медаль утуп алганын КРдин Волейбол боюнча федерациясы билдирди.
Турнир Петропавловск-Камчатский шаарында өтүп, ал Анатолий Таранцтын жаркын элесине арналган. Таранц көп жылдар бою Камчатский облусунун волейбол федерациясын жетектеп келген.
Өтмө кубок үчүн беш команда күч сынашкан. Алар Россиянын "Узон", "Сокол", "Камчатаэронавигация", "Регион" командалары жана Бишкектин "Улар" командасы.
Кыргызстандын командасы үч оюнду катары менен жана төртүнчү беттеште "Камчатаэронавигация" комнадасы менен беттешип, аны утуп алган.
Экинчи орунду "Камчатаэронавигация" менен "Сокол" командалары бөлүп алган.
Үч жылдан бери "Улар" командасы биринчи жолу жеңишти камсыздашты.