Кийинки жылы Бишкек шаарында самбо боюнча эл аралык турнир өтөт

© Sputnik / Василий Пономарев / Медиабанкка өтүүСамбо спортчусу. Архив
Самбо спортчусу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл аралык самбо федерациясынын кабарлаганына караганда, турнир 20-21-февраль күндөрү уюштурулат.

БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. Кийинки жылы Бишкек шаарында самбо боюнча эл аралык турнир өтөт. Бул тууралуу Эл аралык самбо федерациясынын расмий сайты кабарлайт. 

Аталган федерация 2017-жылы өтө турган турнирлердин күн тартибин жарыялаган. 

"Жалпысынан 32 чоң мелдеш өтөт. Алардын арасында эркектер жана кыз-келиндер арасындагы дүйнөлүк биринчиликтер бар. 20-21-февраль күндөрү Бишкек шаарында Виталий Гордеевдин жаркын элесине арналган эл аралык мелдеш уюштурулат", — деп жазылат маалыматта. 

Белгилей кетсек, Гордеевдин жаркын элесине арналган турнир жыл сайын уюштурулуп турат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0