Ошто волейбол боюнча Чокморовдун элесине арналган мелдеш башталды

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүВолейбол. Суперлига. Женщины. Матч "Динамо" (Москва) - "Динамо-Казань"
Волейбол. Суперлига. Женщины. Матч Динамо (Москва) - Динамо-Казань - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Уюштуруучулар республикалык мелдештин байге фондусу 200 миң сом экендигин билдиришти.

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Ошто таланттуу актер жана сүрөтчү Сүймөнкул Чокморовдун элесине арналып өтүп жаткан волейбол боюнча Кыргызстандын мелдешине өлкө боюнча сегиз клуб катышууда. Бул туурасында Ош шаарынын мэриясынын маалымат кызматы кабарларды. 

Ош шаарынын вице-мэри Замирбек Аскаров таланттуу актёрдун элесине арналган волейбол боюнча турнир жылда уюштурулуп тураарын айтты.

"Ош шаарынын мэриясы демилгелүү иштерди колдогонго дайым даяр. Республиканын жети дубанынан чогулган бардык оюнчуларга ийгилик каалайм. Улуу инсан Чокморовдун элесине арналган волейбол боюнча турнир экинчи ирет өтүп жатат, келечекте жылда уюштурулат деп ишендирип кетем", — деди Аскаров. 

Ош шаары жана Ош облусу боюнча Волейбол федерациясынын президенти, Ош шаардык ИИБдин башчысы Кылычбек Жолдошев байге фонду 200 миң сом экендигин билдирди.

Республикалык бул турнир 4-декабрга чейин "Газпром" жана "Коңурат" спорт комплекстеринде өтөт. Ал Ош шаарынын жана Ош облусунун Волейбол федерациясы, Ош шаарынын мэриясы жана шаардын дене тарбия жана спорт комитети тарабынан уюштурулууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0