"Алга" ийгиликтүү машыктыруучусу менен келишимин узартты

Жазылуу
Александр Бельдинов "Алга" командасын 2016-жылдагы оюн маалынан тарта жетектеп, аны топ-лигада үчүнчү орунга алып чыкты. Бул команда үчүн жакшы көрүнүш, себеби, 2015-жылы алар төртүнчү орунга да илинбей калган.

БИШКЕК, 1-дек.— Sputnik. "Алга" футболдук клубу (Бишкек) башкы машыктыруучу Александр Бельдинов менен келишимди дагы бир жылга узартты. Бул туурасында Футболдук лигадан билдиришти. 

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын оюнчулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын футболчулары атамекендик компаниялардын жүзү боло баштады
"Алганын" 36 жаштагы жетекчиси 2016-жылдан тарта ишке киришкен. Ал команданы алтын медалга сүйрөп, жыйынтыгында коло алган. Ал эми футболчулар 2015-жылдын оюнунда төртүнчү да орунга илинбей калган.

Аталган лиганын маалыматына караганда, клубдун жетекчилиги команданын оюндарына ыраазы болгондуктан, келишимди узартууну чечкен. Андан сырткары, анын эки жардамчысы менен да кызматташуу келишинин мөөнөтү узартылды. 

Команда декабрдан тарта жаңы сезонго даярдана баштайт. 

Жаңылыктар түрмөгү
0