Кыргызстандын волейбол боюнча кубогу Ошто өтөт. Оюнга 15 команда катышат

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүВолейбол беттеши. Архив
Волейбол беттеши. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Оюнга катыша турган командалардын бардыгы тең волейбол Федерациясынын лицензиясынан өтүшкөн.

БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Ошто Кыргызстандын волейбол боюнча кубогу өткөрүлөт. Бул тууралуу Кыргызстандын волейбол Федерациясынын маалымат кызматы билдирди.

Кыргызстанский борец греко-римского стиля Каныбек Жолчубеков - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын күрөшчүлөрү Бакуда өткөн мелдеште коло байге алышты
Сүймөнкул Чокморовдун элесине арналган волейбол боюнча кубок 30-ноябрдан 4-декабрга чейин эркектер командалары арасында өтмөкчү.

Оюнга волейбол Федерациясынын лицензиясынан өткөн, өлкөнүн ар кайсы облустарынан келген командалар катышат анын ичинде Ош жана Бишкек шаарлары бар.

2015-2016-жылдардагы Кыргызстандын чемпионатынын жыйынтыгына ылайык командалар эки топко бөлүнүп ойношот. 

Учурдагы командалардын рейтинги:

  • "Жаны Муун" 
  • "Нацгвардия" 
  • "Салам-Алик" 
  • "Бажы" 
  • "Улар"
  • "Жети-Суу"
  • "Дархан"
  • "Динамо"
  • "Ош"
  • "Жалын"
  • "Кадамжай". 

Жогорку лигада мындан сырткары жаңы командалар бар. Алар — "Кара-Балта", "Билим", "Бүркүт", "Аксы".

Жаңылыктар түрмөгү
0