"Спорт терроризмге каршы"— "Айкөл FC 3" ММА турнири Москвада өтөт

Жазылуу
Таймашка Кыргызстан, Өзбекстан жана Россия мушкерлеринин катышуусунда өтөт.

БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Эрежесиз эр уруш боюнча "Айкөл FC 3" үчүнчү профессионалдык турнири жекшемби күнү, 20-ноябрда Москва шаарында өтөт. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына аталган лиганын президенти Кубанычбек Осмонбеков билдирди.

Кыргызстандык тайбоксчу Антонина Шевченконун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Антонина Шевченко чемпиондук титулун сактап калды
Иш-чара Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин колдоосу менен "Спорт терроризмге каршы" ураанын алдында Кыргызстан, Өзбекстан жана Россия мушкерлеринин катышуусунда өтөт. Беттешти эл аралык категориядагы москвалык Игорь Демидовдун башкаруусундагы калыстар тейлейт.

Башкы оюнда 66 килограммдык салмак категориясында Эламан Додонов ("Айкөл-Манас" ЖК, Кыргызстан) жана Хуршед Домулложонов ("Ихлас" ЖК, Өзбекстан) салгылашат.

"93+" категориясында Жыргалбек Чомонов ("Ак-Барс", Кыргызстан) жана Евгений Грунтковский (IL MMA TEAM, Россия) беттешет.

Ал эми экинчи беттеште турнирдин жеңүүчүлөрү бет келип, кийинки жылы өткөрүлө турган "Айкөл FC"профессионалдык лигасына жолдомо алышат.

"Айкөл Fighting Championship" профессионалдык лигасы — 2016-жылы Кыргызстандын алгачкы расмий жоокер клубу менен Москвадагы "Айкөл" клубунун алдында түзүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0