Балбан Бекдөөлөт Расулбеков Токиодогу мелдеште коло медалга ээ болду

© Фото / пресс-служба МИД КРТокиодо өткөрүлгөн балдар арасындагы оор атлетика боюнча чемпионатта үчүнчү орунду ээлеген кыргызстандык Бекдөөлөт Расулбеков
Токиодо өткөрүлгөн балдар арасындагы оор атлетика боюнча чемпионатта үчүнчү орунду ээлеген кыргызстандык Бекдөөлөт Расулбеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мелдешке Кыргызстандын курама командасынан төрт спортчу катышкан.

БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 8-ноябрынан 16-ноябрына чейин Токиодо өткөрүлгөн балдар арасындагы оор атлетика боюнча чемпионатка катышкан кыргызстандык Бекдөөлөт Расулбеков коло медалга ээ болду. Бул тууралуу КР ТИМ маалымат кызматы билдирди.

Оор атлетчи. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте пауэрлифтинг боюнча мелдеш өтөт
Мелдешке Кыргызстандын курама командасынан 4 спортчу катышкан.

Кыргызстандык жаш спортчу мелдеште юниорлор арасындагы 94 салмак категориясында штанганы "жулкуп көтөрүп" 3-орунду камсыз кылган.

Расулбековдон тышкары аталган таймашка Кадырбек Айтпеков, Раушан Чолпонбек кызы жана Азиза Адылбек кызы да катышкан.

Эске салсак, аталган чемпионат 2020-жылы Японияда өткөрүлө турган Олимпиада жана Паралимпиада оюндарына даярдык көрүүнүн алкагында өтүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0