Бишкекте пауэрлифтинг боюнча мелдеш өтөт

Жазылуу
Турнир "Таза спорт. Допингсиз спорт" урааны алдында өтүп жаткан мелдештин жеңүүчүлөрүнө медаль, грамота жана акчалай сыйлык ыйгарылат.

БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Бишкекте 19-20-ноябрь күндөрү пауэрлифтинг боюнча мелдеш өтө турганын аталган спорттун түрү боюнча федерация билдирди.

Маалыматка ылайык, турнирге 75 килограммдан 100 килограммга чейинки салмак категориясындагы спортчулар катыша алат.

"Мелдешке тийиштүү даярдыктан жана дарыгердин кароосунан өткөндөргө катышууга уруксат берилет. 13 жаштан жогорку курактагы спортчулар кабыл алынат", — деп айтылат билдирүүдө.

"Таза спорт. Допингсиз спорт" урааны алдында өтүп жаткан мелдештин жеңүүчүлөрүнө медаль, грамота жана акчалай сыйлык ыйгарылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0