Бишкекте алыш боюнча эл аралык турнир өтөт

© Sputnik / Табылды КадырбековМеждународный турнир серии Гран-при по борьбе на поясах в Бишкеке
Международный турнир серии Гран-при по борьбе на поясах в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Турнирге Россия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстандын кыз-келиндери менен жигиттери катышат.

БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Бишкек шаарында алыш боюнча эл аралык турнир өтөт. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди. 

Кыргыз эл баатыры, саясий ишмер Абсамамат Масалиевдин жаркын элесине арналган эл аралык мелдеш 19-ноябрь күнү Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда болот. 

"Турнирге Россия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстандын кыз-келиндери менен жигиттери катышат. Балбандар алты салмактык категорияда күч сынашат", — деп айтылат маалыматта. 

Аталган турнирди Алыш федерациясы, Улуттук спорт дирекциясы жана Абсамат Масалиев атындагы фонд уюштурууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0