Кыргызстан биринчи жолу ушу-саньда боюнча дүйнө кубогунда алтын алды

Жазылуу
Аталган дүйнөлүк турнир 4-6-ноябрь күндөрү Кытайдын Сиань шаарында өтүп, ага Кыргызстандан Авазбек Аманбеков менен Куан Абдраимов катышты.

БИШКЕК, 8-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын тарыхында алгачкы ирет кыргыз спортчусу ушу-саньда боюнча дүйнөнү багындырды. Бул тууралуу КРдин Ушу-саньда федерациясынан билдиришти. 

Кыргызстандын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык эки балбан студенттер арасындагы күрөш боюнча чемпион аталды
Аталган дүйнөлүк турнир 4-6-ноябрь күндөрү Кытайдын Сиань шаарында өтүп, ага Кыргызстандан Авазбек Аманбеков менен Куан Абдраимов катышты. 

Турнирдин жыйынтыгы боюнча Аманбеков 56 килограмм салмактык категорияда алтын тагынса, Абдыраимов 90 килограмм салмактык категорияда үчүнчү орунду багынтты. 

Ушу-саньда — чыгыштын уруш өнөрү. Бүгүнкү күндө аталган спорт боюнча көптөгөн өлкөлөрдө турнирлер өтүп келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0