"Хан Манас": декабрда Кыргызстанда дзюдо боюнча турнир өтөт

© REUTERS / Wolfgang RattayТурнир по дзюдо в Дюссельдорфе
Турнир по дзюдо в Дюссельдорфе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул Кыргызстанда өткөрүлүп жаткан жетинчи мелдеш. Жеңүүчүгө "Хан Манас" кубогу ыйгарылат.

БИШКЕК, 2-ноя.— Sputnik. Декабрдын башында дзюдо боюнча "Хан Манас" турнири өтө турганын Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.

Кыргызстандын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык эки балбан студенттер арасындагы күрөш боюнча чемпион аталды
Мелдеш 3-4-декабрь күндөрү Бишкекте өтөт. Азырынча таймашка катыша турган өлкөлөрдүн саны такталууда, бирок алдын ала маалымат боюнча учурда Иран катышууга макулдугун берген.

Бул Кыргызстанда өткөрүлүп жаткан жетинчи турнир. Жеңүүчүгө "Хан Манас" кубогу ыйгарылат.

Былтыр Казакстандын командасы көп медалга ээ болуп, "Хан Манас" кубогун алып кеткен. Анда мелдешке Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстандын спортчулары катышкан.

Кубок өзү колодон куюлуп, ага алтын жалатылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0