Футболчу Антон Землянухин эми Таиланддын башка клубунда ойнойт

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын жарым коргоочусу Антон Землянухиндин архивдик сүрөтү
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын жарым коргоочусу Антон Землянухиндин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Футболчу Антон Землянухин ушул жылдын январь айынан бери "Сисакет" аталышындагы таиланддык клубда ойночу.

БИШКЕК, 1-ноя.— Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын жарым коргоочусу Антон Землянухин "Сисакет" футбол клубунан "Сукхотай" клубуна өттү. Мындай маалымат "Сукхотай" клубунун Facebook баракчасында жарык көрдү.

Кыргызстандын футбол боюнча бир нече жолку чемпиону, өлкөнүн мыкты футболчуларынын бири Азамат Байматов - Sputnik Кыргызстан
Футболчу Азамат Байматов: балдарын, жубайын жакшы көргөн Бекхэмди кумир тутам
Аталган футболдук клубдун билдирүүсүнө ылайык, жаңы командага Землянухин 9-15-ноябрларда өтө турган Кыргызстандын Филиппин жана Бахрейнге каршы оюнунан кийин кошулат. 

Футболчу ушул жылдын январь айынан бери "Сисакет" таиланддык клубунда ойночу. Сезондун жыйынтыктары боюнча "Сисакет" 13-орунду ээлеген. Ал эми Землянухин 23 мелдешке катышып, дарбазага сегиз жолу топ киргизе алган.

2015-жылы Кыргызстандын мыкты футболчусу аталган Землянухин Сербиянын премьер-лигасына "Раднички" клубунун атынан ойногон. Анда 29 оюнда дарбазага беш жолу топ киргизген. 

Жаңы футболдук клубда ааталган футболчу 20-номурда ойнойт.

Жаңылыктар түрмөгү
0