Бишкекте мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар спартакиадага катышат

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүШтанга. Архив
Штанга. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жеңүүчүлөр диплом, медаль жана баалуу белектер менен сыйланат.

БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Бишкекте мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын арасында спартакиада өткөрүлөт. Бул тууралуу мэриянын дене тарбия жана спорт башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка караганда иш-чара 2-ноябрдан 3-декабрга чейин өткөрүлөт. Ага 16 уюмдан 1500дөн ашык өкүл катышат. 

Спартакиада шахмат, шашки, стол тенниси, армрестлинг, пауэрлифтинг сыяктуу спорттун беш түрү боюнча өткөрүлөт.

Жеңүүчүлөр диплом, медаль жана баалуу белектер менен сыйланат.

Жаңылыктар түрмөгү
0