Футзалды өнүктүрүү боюнча техникалык директор: КР чемпионатына кызыгуу чоң эмес

© пресс-служба ФФФКРФутзал оюнчуларынын архивдик сүрөтү
Футзал оюнчуларынын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Футбол федерациясынын футзалды өнүктүрүү боюнча жакында эле дайындалган өкүлү бул сапаркы оюнга өлкөнүн бардык аймактарынан командалар катышып жаткандыгына кубанганын билдирди.

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Акыркы жылдары футзалга болгон кызыгуу азайып кетти. Мындай пикирин Футбол федерациясынын футзалды өнүктүрүү боюнча жакында эле дайындалган техникалык директору Амиржан Муканов билдирди.

Кечээ Кыргызстанда футзал боюнча чемпионат башталып, анда тогуз команда ат салышып жатат.

Мукановдун айтымында, өлкөдө футзалдын беделин бийик деңгээлге көтөргөн иштерди баштоо керек.

"Биз так, кызыктуу жана элди тажатпаган календарь түздүк. Маселен, өлкөдө чемпионат жаңы түр менен эки этапта өтөт. Азыркысында тогуз команда катышып жатса, финалга эки айлампанын жыйынтыгы менен мыкты делген төрт команда өтөт. Ошол төрт команда классикалык плей-офф системасы боюнча байгелүү орундарга ээ болот", — деди Муканов.

Техникалык директор күйөрмандарга кызыктуу болушу үчүн оюндар жума, ишемби, жекшемби күнү өткөрүлөрүн жана чемпионатка өлкөнүн алты аймагынан, Бишкектен командалар катышып жатканын айтты. 

Жаңылыктар түрмөгү
0