Валентина Шевченко америкалык балбандарга мастер-класс өтөт

© AP Photo / Nam Y. HuhКыргызстандык спортчу, күрөштүн аралаш түрлөрү муайтай жана кикбоксинг боюнча бир нече жолку чемпиону Валентина Шевченко беттеш учурунда
Кыргызстандык спортчу, күрөштүн аралаш түрлөрү муайтай жана кикбоксинг боюнча бир нече жолку чемпиону Валентина Шевченко беттеш учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ММАнын мыкты балбандары, анын ичинде Шевченко эки күндүк семинарда өздөрүнүн чеберчилиги менен бөлүшөт. Иш-чара Нью-Йоркто 12-13-ноябрда өтөт.

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Кыргызстандык спортчу, күрөштүн аралаш түрлөрү муайтай жана кикбоксинг боюнча бир нече жолку чемпиону Валентина Шевченко Нью-Йоркто (АКШ) жаш балбандарга жана жекеме-жеке күрөштүн сүйүүчүлөрүнө тренинг өткөрөт. Бул тууралуу уюштуруучулардын сайтында маалымдалат. 

Эрежесиз эр уруш боюнча, муай-тай жана кикбоксинг боюнча дүйнөнүн бир канча жолку чемпиону Валентина Шевченко. Архив - Sputnik Кыргызстан
Валентина Шевченко UFC менен 7 беттеш өткөрүүгө келишим түздү
ММАнын мыкты балбандарынын катышуусунда өтө турган эки күндүк семинар 12-13-ноябрда өтөт. 

Шевченко, каршылашын аралык жана чабуулга каршы кармап туруу боюнча ыкмаларын көрсөтөт. Тренингдин катышуучулары бир жарым сааттын ичинде аянтчада чемпион менен машыга алышат.

Кыргызстандык спортчудан сырткары бразилиялык UFS чемпиону Рафаэль дус Анжус, күрөш искусстволорунун чебери Ренцо Грейси, балбан Марк Хенри жана АКШнын күрөштүн аралаш түрү боюнча чебери Алан Джоубан катышмакчы. 

Жаңылыктар түрмөгү
0