КРдин футбол курама командасы FIFA рейтингдеги рекордун жаңылашы мүмкүн

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын футбол боюнча кураман командасынын оюнчулары, архив
Кыргызстандын футбол боюнча кураман командасынын оюнчулары, архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Команданын жетишкен ийгилиги — 100-орун болуп келген. Бишкекте өткөн эки беттеш бул чектен өтүүгө шарт түзөрү божомолдонуп жатат.

БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы ноябрь айынын рейтингинде тарыхый рекордун жаңылашы мүмкүн экенин football-rankings.info божомол сайты билдирди.

Улуттук команда үстүбүздөгү жылдын 7-апрелинде рекорд коюп, тизменин 100-сабына илинген. Июнда Топ-100дөн чыгып, 111-орунга түшүп кетсе, сентябрда 108-орунду камсыздаган.

КР командасынын жеңиш алып келген голу жана күйөрмандардын кубанычы - Sputnik Кыргызстан
КР командасынын жеңиш алып келген голу жана күйөрмандардын кубанычы
Эми аталган сайт кыргызстандык команда Бишкекте өткөн Ливан (0:0) жана Түркмөнстан (1:0) менен болгон беттешүүнүн жыйынтыгында жетишкен 343 упай менен 99-орунга чыгышы мүмкүн экенин божомолдоду.

Ага ылайык, Борбор Азия ичинен аталган рейтингде Өзбекстандын командасы алдыга чыкса (48-орун), казакстандыктар 90-орунда турат. Кыргызстан 99-сапта болсо, андан кийинки орунду Түркмөнстан (114-орун) менен Тажикстан (140-орун) ээлеген.

Алдыңкы катара Аргентина, Бельгия жана Германиянын ордуна Бразилия чыгары айтылды.

Расмий рейтинг 20-октябрь күнү жарыяланат.

Жаңылыктар түрмөгү
0