Кыргызстан — Түркмөнстан оюнуна кыздарга акысыз билет берилет

© Sputnik / Табылды КадырбековФутбол күйөрмандары. Архивдик сүрөт
Футбол күйөрмандары. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
11-октябрь кыздардын эл аралык күнү. Буга байланыштуу Кыргызстандын курама командасынын күйөрман кыздарына акысыз билет берилет.

БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. КРдин Футбол федерациясы Кыргызстан —Түркмөнстан оюнуна кыздарга билет бериле турганын федерациянын маалымат кызматы билдирди.

Жол жабык унаа белгиси, архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Футбол беттешинен улам эртең Тоголок Молдо көчөсү жабылат
БУУнун Башкы ассамблеясы 11-октябрды эл аралык кыздар күнү деп жарыялаган.

Ал эми эртең Бишкекте Кыргызстан — Түркмөнстан футболчуларынын ортосунда жолдоштук беттеш өткөрүлөт.

Аталган оюнду көрүүнү каалаган кыздарга, тактап айтканда футбол күйөрмандарына белекке билет ыйгарылып, аны алуунун шарт-жобосун федерация Facebook баракчасында белгиледи.

Билетти КРдин Футбол федерациясынан алууга болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0