Балбан Изабеков ардагерлер арасындагы мелдеште финалга чыкты

© Sputnik / Табылды КадырбековКилем үстүндөгү күрөшчүлөр, архивдик сүрөт
Килем үстүндөгү күрөшчүлөр, архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандык балбан чечүүчү беттеште молдовалык Валерий Заболотный менен килемге чыкмай болду.

БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Кыргызстандык балбан Чынарбек Изабеков Польшада өтүп жаткан эркин күрөш боюнча ардагерлер арасындагы дүйнө чемпионатынын финалына чыкты. Бул тууралуу Күрөштүн бириккен дүйнөсүнүн сайтында кабарланды.

Алгачкы таймашта Изабеков Түштүк Африкадан келген Фредерик Дю Преени утуп, жарым финалга чыккан. Кыргызстандык балбан 46-50 жаш курак чегинде 97 килограммга чейинки салмак категориясында күч сынашып жатат.

Экс-министр внутренних дел, вице-президент Федерации спортивной борьбы КР Мелис Турганбаев во время схватки с соперником из Японии - Sputnik Кыргызстан
Турганбаев жарым финалда утулуп калды, коло медалга мүмкүнчүлүк бар
Жарым финалдык беттеште Изабеков польшалык Иренеузу Пепловский менен беттешип, атаандашын 7:0 эсебинде таза жеңиш менен утуп алган.

Эми чечүүчү кармашта молдовалык Валерий Заболотный менен килемге чыгат.

Ал арада ушул эле чемпионатта 76 килограммдык салмак категориясында ат салышкан экс-министр Мелис Турганбаев жарым финалдык беттеште япониялык атаандашынан утулуп калды. Эми анын коло медаль үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүгү бар. 

Күрөш боюнча ардагерлер арасындагы дүйнөлүк турнир 7-октябрь күнү Польшада башталды. Мелдеште Мелис Турганбаевден сырткары Кыргызстандын намысын Басылбек Мамытбеков (58 кг) менен Чынарбек Изабековдор (97 кг) коргошууда. Аталган турнир 9-октябрь күнү жыйынтыкталат.

Жаңылыктар түрмөгү
0