Бишкекте 50 жаштагы ардагерлер мини-футбол ойнойт

© Sputnik / Сергей Русанов / Медиабанкка өтүүФутзал беттеши, архивдик сурот
Футзал беттеши, архивдик сурот - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Спорттук бул иш-чара Кыргызстандагы мини-футбол ассоциациясынын негиздөөчүсү жана жетекчиси Медетбек Букуевдин 60 жылдыгына арналган.

БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Бишкек шаарында мини-футбол боюнча ардагерлердин мелдеши өтөрүн уюштуруучулар билдирди.

Спорттук бул иш-чара Кыргызстандагы мини-футбол ассоциациясынын негиздөөчүсү жана жетекчиси Медетбек Букуевдин 60 жылдыгына арналган. Ал 4-7-октябрда Улуттук университеттин спорттук аянтчаларында өтөт. Анда элүүнүн кырын ашкан мурдагы оюнчулар күч сынашат.

Футзал боюнча дүйнө чемпионатын жеңип алган аргентинанын курама командасы - Sputnik Кыргызстан
Футзал боюнча дүйнө чемпионатында кыргызстандык калыс оюнга көз салды
Букуев көп жылдар бою Кыргыз мамлекеттик университетинин футбол жана гандбол кафедрасын жетектеп келген.

Ал 1995-жылы мини-футбол ассоциациясын ачууну демилгелеп, аны бүгүнкү күнгө чейин жетектеп келет.

Букуев 5 монография, 50дөн ашык публицистикалык эмгектердин автору болуп саналат.

Анын жетекчилиги менен түзүлгөн футзал боюнча КР курама командасы 1999-жылы биринчи жолу Малайзияда өткөн Азия чемпионатына катышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0