Кыргызстандык арбитр футзал боюнча Дүйнө чемпионатын тейлейт

© Фото / пресс-служба ФФКРFIFA рефери Нурдин Букуев
FIFA рефери Нурдин Букуев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Букуев буга чейин жети оюнду тейлеген. Анын төртөөсүндө биринчи арбитр катары чыккан.

БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. FIFA рефери Нурдин Букуев футзал боюнча дүйнө чемпионатына үчүнчү арбитр болуп дайындалганын Футбол федерациясынын маалымат кызматынан кабарлашты. 

Чемпионат Колумбияда өтүп жатат. Финалдык оюн 1-октябрдан 2-октябрга караган түнгө коюлду. Башкы оюнда Россия менен Аргентинанын курама топтору жолугат. 

Кыргызстандын жаштар курамасынын (U-19) архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан менен Казакстандын жаш футболчулары беттешет
Башкы рефери болуп испаниялык Фернандо Гутьеррез Люмбрерас, экинчи уругвайлык Даниэль Родригез жана үчүнчү рефери болуп Букуев дайындалды. Хронометрист катары Бириккен Араб Эмираттарынан Хамис Хасан Алшамси чыгат. 

Букуев буга чейин жети оюнду тейлеген. Анын төртөөсүндө биринчи арбитрлыкты аркалаган. 

Финалдык оюн Колумбиянын Кали шаарында өтүп Россия менен Аргентина "Coliseo el Pueblo" стадионунда беттешет. Эки курама топ тең дүйнөлүк биринчилик үчүн алгач ирет беттешке чыгып жатат. Аргентина курама командасы Украина, Египет жана Португалия топторун жеңип чыкты. Ал эми Россиянын командасы турнирдеги бардык оюндарда жеңишке жетише алды. Финалга чейинки беттеште россиялыктар испандыктардан озуп чыгып тарыхый жеңишке жетишкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0