Кыргызстан менен Казакстандын жаш футболчулары беттешет

© Фото / пресс-служба ФФКР Кыргызстандын жаштар курамасынын (U-19) архивдик сүрөтү
Кыргызстандын жаштар курамасынын (U-19) архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жолдоштук беттеш 2-октябрда Алматы облусунда өтөт.

БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Кыргызстандын жаштар курамасы (U-19) казакстандык атаандаштары менен ойной турганын КР Футбол федерациясынын маалымат кызматы билдирди.

Беттеш 2-октябрда Алматы облусундагы Талгар шаарында өтөт.

Учурда КР курамасы башкы машыктыруучу Владимир Салонун жетекчилиги алдында Футбол федерациясынын борборунда машыгууларын баштайт, ага 23 футболчу чакырылган.

Эске салсак, 30-августта Бишкек шаарында Кыргызстан менен Казакстандын улуттук курама командалары беттешип, оюн кыргызстандыктардын пайдасына аяктаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0