Кыргызстандык бильярдчы Лепшаков Россияда өткөн эл аралык турнирди жеңип алды

© Фото / пресс-служба мэрии города Ош / Сергей ЛапушкинКыргызстандык бильярдчы Дастан Лепшаковдун архивдик сүрөтү
Кыргызстандык бильярдчы Дастан Лепшаковдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ростов-на-Дону шаарында өткөн турнир эң беделдүү мелдештерден болуп саналат. Ага 160 спортчу катышкан. Дастан Лепшаков жети жолу ойноп, баарында тең жеңишке жеткен.

БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Кыргызстандык Дастан Лепшаков РФтин Түштүк федералдык округунун Бильярд боюнча федерациянын ардактуу президентинин байгесине уюштурулган эл аралык турнирди жеңип алды. Бул тууралуу КРдин Бильярд федерациясы билдирди.

Мелдеш 19-24-сентябрда Ростов-на-Дону шаарында өткөн. Биринчилик үчүн 160 спортчу күч сынашып, Кыргызстандын атынан тогуз спортчу катышкан.

Чүкө - Sputnik Кыргызстан
Айкүр оюну бильярддын ордун басабы
Лепшаков жети атаандашын тең утуп алган. Жарым финалдык беттеште ал украиналык Ярослав Тарновецкийди 5:1 эсебинде жеңген. Финалдык кармашта ал россиялык Дмитрий Шкоддон 6:5 эсеби менен алдыга чыккан.

Калган кыргызстандыктар 1/16 финалга чейин чыга алышкан.

КРДин Бильярд федерациясынан маалымдашкандай, бул турнир беделдүү эл аралык мелдеш болуп саналат. Анын байге фонду 5 миллион рубль. Жеңүүчүгө 1,2 миллион рубль берилет.

Жаңылыктар түрмөгү
0