"Дордой" Кыргызстанда футбол кубогун алуу боюнча рекорд койду

© Фото / пресс-служба ФК "Дордой"Бишкектик "Дордой" курама командасы оюнчулары. Архив
Бишкектик Дордой курама командасы оюнчулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жекшемби күнү "дордойчулар" Оштон келген "Алай" командасын утуп алды.

БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Бишкектик "Дордой" курама командасы Кыргызстанда футбол боюнча сегизинчи кубогун жеңип алып, рекорд койду. Бул тууралуу КРнын Футболдук лигасынан кабарлашты.

Футбол топтору. Архив - Sputnik Кыргызстан
КР чемпионатынын лидерлери бир учурда жеңишке жетишишти
Жекшемби күнү Дөлөн Өмурзаков атындагы стадиондогу оюндун финалында "Дордой" менен "Алай" командалары беттешкен. Жеңишти борбордук "Дордой" 1:0 эсебинде илип кетти. Жалгыз голду оюндун 60-мүнөтүндө чабуулчу Дэвид Тетте киргизди.

Ошентип "Дордой" сегизинчи футбол кубогуна ээ болду. Башкы машыктыруучунун милдетин аткаруучу Руслан Сыдыков бул турнирде устат катары дагы жеңишке жетишти. Оюнчу катары ал кубокту алты жолу жеңип алган. Буга чейин "Дордой" кубок саны боюнча СКА-ПВО менен теңтайлашып келе жаткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0