Грузиядагы турнирде кыргызстандык балбан Махмудов бүйүр кызыткан оюн көрсөттү

© © United World Wrestling 2016 / Alireza AkbariСпортсмен по греко-римской борьбе Акжол Махмудов
Спортсмен по греко-римской борьбе Акжол Махмудов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бириккен дүйнөлүк күрөш уюму кыргызстандык жаш чемпион Акжол Махмудовго арналган кызыктуу видеолордун топтомун тартуулашты.

БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Бириккен дүйнөлүк күрөш уюму кыргызстандык спортчу Акжол Махмудовдун бүйүр кызыткан учурларын өзүнүн фейсбуктагы баракчасына чыгарды. Кыргызстандык балбан жакында эле Грузияда грек-рим күрөшү боюнча кадеттер арасындагы дүйнөлүк мелдеште чемпион болгон.

Эң бир сонун көрүнүш катары армян балбаны Малхаз Амоян менен болгон беттешин айтсак болот. Дүйнөлүк күрөш федерациясы бул күрөштү жарыштын экинчи күнүнүн эң мыкты беттештеринин тизмесине кошкон.

Бул беттеш Махмудовдун армян спортчусун 8:2 эсебинде утушу менен аяктайт. Кийинчерээк дүйнөлүк күрөш федерациясы кыргызстандык чемпиондун бардык мыкты беттештерин үч мүнөттүк ролик кылып чыгарган.

Борец из Кыргызстана Айпери Медет кызы - Sputnik Кыргызстан
Кадеттер арасындагы Дүйнө чемпионатында кыргызстандык кыздар күмүш, коло байге алышты
Интернет колдонуучулары кыргызстандык балбандын күрөшүү ыкмасына суктангандыктарын жашырышкан эмес.

"Кайра-кайра көрүүдөн тажабай турам", " Ушул жылдын эң мыкты чабуулу", "Бул балбанды жаркын келечек күтүп турат, жапжаш туруп ушундай мыкты күрөшөт экен" дешет колдонуучулар өз комментарийлеринде жазышкан.

Тбилисидеги кадеттер арасындагы дүйнөлүк чемпионат күрөштүн үч түрү боюнча грек-рим, эркин жана кыздар арасындагы күрөш боюнча өткөн.

16 жаштагы спортчу Махмудов 69 килограмм салмак категориясында күч сынашкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0