Ысык-Көлдө волейбол боюнча дүйнө чемпионатынын тандоо туру өтөт

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүВолейбол топтору. Архив
Волейбол топтору. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган турнирге Кыргызстан, Түркмөнстан, Мальдив аралдары, Афганистан жана Бангладештин спортчулары катышат.

БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Ысык-Көлдө волейбол боюнча дүйнө чемпионатына тандоо туру өтөт. Бул тууралуу КРдин Волейбол федерациясы билдирди. 

2018-жылы өтө турган чемпионатка жолдомо алуу үчүн Кыргызстан, Түркмөнстан, Мальдив аралдары, Афганистан жана Бангладештин курамалары күч сынашат. 

Турнир 15-20-сентябрь күндөрү Чолпон-Ата шаарында өтөт. 

Жаңылыктар түрмөгү
0