КР чемпионатынын лидерлери бир учурда жеңишке жетишишти

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүФутбол топтору. Архив
Футбол топтору. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эки айлык эс алуудан кийин футболдук жеңиш жаңыланды. Үч курама топ алдыга озуп чыгышты.

БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Футбол боюнча ата мекендик чемпионаттын лидерлери бир учурда жеңишке жетишкендиги тууралуу Кыргызстандын футбол лигасынан кабарлашты.

Футбол фанаты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын футбол кубогунун финалдык беттешине билеттер 100 сомдон сатылат
Чемпионатка жалпысынан жети команда катышат. Ар бир турда алардын бирөө эс алат. Биринчилик эки айлык жайкы эс алуудан кийин жаңыланды.

Бишкектик "Дордой" "Кара-Балта" менен болгон оюнда жеңишке жетишсе, "Алга" командасы куршабдык "Алдиерге" эки гол киргизди. Ал эми учурдагы чемпион "Алай" тобу (Ош) 3:0 эсебинде Нарындын "Ала-Тоо" курама тобун артта калтырды. Канттын "Абдыш-Ата" клубу мелдешке катышкан эмес.

Мамлекеттик биринчиликте алдыга "Дордой" менен "Алай" 32 упайдан топтоп чыгышкан. Ал эми "Алга" — 28, "Абдыш-Ата" — 16, жана "Алдиер" менен "Кара-Балта" жети упайдан алышкан. алты упай топтогон "Ала-Тоо" курама командасы болду эң акыркы болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0